Казакстан чек арага фуралар эмнеге топтолуп калганын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. Казакстан казак-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым өткөрмө пунктуларында фуралар эмнеге топтолуп калганын түшүндүрдү.
Маалыматка караганда, бул көрүнүш убактылуу мүнөзгө ээ.

“Бул убактылуу пландуу иш-чара. Алар товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган. Астана боордош Кыргызстан менен калыптанган өзгөчө жакшы коңшулук мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты жогору баалайт. Казакстан эки өлкөнүн экономикасына жана эл аралык аброюна олуттуу зыян келтирген мыйзамсыз аракеттерди токтотуу боюнча түшүнүшүү жана мындан аркы тыгыз кызматташтык улана берет деп ишенет”, — деген казак тараптын билдирүүсүн ЕЭК жарыялады.

Евразиялык экономикалык комиссия бул чаралар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ыйгарым укуктарына гана тиешелүү экенин жана евразиялык интеграцияга таасир этпей турганын белгиледи.
ЕАЭБде фуралардын параметрлери боюнча жалпылаштырган талапты карашууда