БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. ЕАЭБде Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн бир нече жеңилдик каралып, айрым товарлар ушул жылдын аягына чейин бажы төлөмүнөн бошотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тарифтик жеңилдик уюмга мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттоочу уюмдар, товарлардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн ырастоочу документ болгон учурда берилет.
Төмөнкү азыктарга жеңилдиктер каралган:
ири мүйүздүү малдын эти — 5 миң тоннадан ашпашы керек;
камыш кант-сырьёсу — 20 миң тоннадан ашпашы керек;
цитрус жемиштери — банан 3 000 тонна, мандарин 2 500 тонна, жүзүм 1 500 тонна, апельсин 1 000 тонна, манго менен киви 500 тоннадан ашпашы керек.
Аталган азыктарга берилген жеңилдик ушул жылдын соңуна чейин күчүндө болот.
Эскерте кетсек, бул продукцияларды ЕАЭБдин аймагынан чыгарууга тыюу салынат.