БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. ИИМ Сокулукта көлмөгө чөккөн үч баланын өлүмүнө байланышкан кырсыктын чоо-жайын айтты.
Милициянын маалыматына ылайык, балдар үйдөн алыс эмес жердеги муз тоңгон көлмөдө ойноп жатышкан. Ал жерде эч кандай тосмо болгон эмес. Жергиликтүү тургундар балдарды суудан алып чыгышкан, бирок алар тез жардам келгиче чарчап калышкан.
"Кошо жүргөн бала үйүнө чуркап барып айткан, бирок ал жакшы сүйлөй албагандыктан апасы кырсык болгонун түшүнбөй койгон. Ээрчип барганда гана суудагы балдарды көрүп жардам чакырган. Каза болгон балдар кошуна жашаган туугандардыкы экени кабарланды", – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ӨКМ төрт жаштагы үч кичинекей бала көлмөгө чөгүп кетип каза болгонун билдирген. Окуя Сокулуктун Жаңы-Пахта айылында болгон.