Садыр Жапаров Чубак ажыга КР Баатыры наамын ыйгарууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алып жатып айтканын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алды
Жолугушууда коюлган тапшырмалардын аткарылышы, мекеменин мындан аркы иш пландары тууралуу сөз болгон.
Президент диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер боюнча маселелер өзгөчө салмактуу, жоопкерчиликтүү жана кылдат мамилени талап кыларын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал өткөн жылы комиссия кайра түзүлүп, Улуттук агенттик деңгээлине көтөрүлгөнүн, бул анын ыйгарым укуктарын жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк бергенин эске салды.
"Ташибеков уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө маалымдап, буга байланыштуу эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү. Президент бул маселе боюнча макулдугун билдирип, диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамын ыйгарууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун соңунда Жапаров Ташибековго агенттиктин ачык-айкын ишин камсыз кылууну, ошондой эле дин аралык жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө, биримдикти жана адилеттүүлүк принциптерин илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Эскерте кетсек, аалым, белгилүү диний ишмер, экс-муфтий Чубаж ажы Жалилов 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. 2020-жылдын 11-июлунда коронавирустан улам каза болгон.
Президент курман болгон чек арачылардын ата-энелерине сыйлык тапшырды