БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкекте тик учак конуучу аянтчасы бар 25 кабаттуу бизнес-борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсы билдирди.
“Авиатор” бизнес борбору калаанын эң өзгөчө жана заманбап архитектуралык долбоорлорунун бири болот. Имарат авиация стилинде аткарылып, учуу, кыймылдын динамикасы жана жогорку технологиялар темасына шайкеш дизайндык чечимдерди камтыйт”, — деп белгилейт компания.
Комплекс Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде курулат. Ичинде бизнес-аянтчалар, кеңселер, ресторандар, бутиктер, мейманкана, ошондой эле ишкерлер, стартаптар жана креативдүү индустрия өкүлдөрү үчүн атайын жайлар жайгашат.
Имараттын үстүндөгү тик учак аянтчасын мамлекеттик Asman Airlines компаниясы пайдаланат. Анда Бишкек менен жакынкы аймактарга экскурсиялык жана иш сапардык каттамдар аткарылат. Компания тик учакты жакын арада сатып алууну көздөп жатат.