БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым аймактарын ала булут каптап, кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жеринде 8…13, Ысык-Көл чөлкөмүндө 3…8, Чүй облусунда 9…14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 10…15 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 11…13, Ош шаарында 12…14 градусту түзөт.