Бүгүнкү "Туяк" уктуруусунунда кыргыздын дагы бир залкар таланты, акын Алик Акималиевди эскердик. Программанын алкагында анын поэзиясына мүнөздүү терең философиялык ой жүгүртүүсүн, сөзгө болгон жоопкерчилигин жана замандын рухун так чагылдыра билген чеберчилиги баса белгиленди.
Ошондой эле акындын адамдык сапаттарына, замандаштары менен болгон чыгармачылык алакаларына токтолуп, анын мурасы бүгүнкү окурман үчүн да маанисин жоготпогонун акындын курдашы, замандашы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, жазуучу Мундузбек Тентимишев айтып берди.