Казакстан казак-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым өткөрмө пунктуларында фуралар эмнеге топтолуп калганын түшүндүрдү.Маалыматка караганда, бул көрүнүш убактылуу мүнөзгө ээ. “Бул — убактылуу пландуу иш-чара. Алар товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган. Астана боордош Кыргызстан менен калыптанган өзгөчө жакшы коңшулук мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты жогору баалайт. Казакстан эки өлкөнүн экономикасына жана эл аралык аброюна олуттуу зыян келтирген мыйзамсыз аракеттерди токтотуу боюнча түшүнүшүү жана мындан аркы тыгыз кызматташтык улана берет деп ишенет”, — деген казак тараптын билдирүүсүн ЕЭК жарыялады. Евразиялык экономикалык комиссия бул чаралар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ыйгарым укуктарына гана тиешелүү экенин жана евразиялык интеграцияга таасир этпей турганын белгиледи.
Бишкекте тик учак конуучу аянтчасы бар 25 кабаттуу бизнес-борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсы билдирди. “Авиатор” бизнес борбору калаанын эң өзгөчө жана заманбап архитектуралык долбоорлорунун бири болот. Имарат авиация стилинде аткарылып, учуу, кыймылдын динамикасы жана жогорку технологиялар темасына шайкеш дизайндык чечимдерди камтыйт”, — деп белгилейт компания. Комплекс Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде курулат. Ичинде бизнес-аянтчалар, кеңселер, ресторандар, бутиктер, мейманкана, ошондой эле ишкерлер, стартаптар жана креативдүү индустрия өкүлдөрү үчүн атайын жайлар жайгашат. Имараттын үстүндөгү тик учак аянтчасын мамлекеттик Asman Airlines компаниясы пайдаланат. Анда Бишкек менен жакынкы аймактарга экскурсиялык жана иш сапардык каттамдар аткарылат. Компания тик учакты жакын арада сатып алууну көздөп жатат.
VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү алкагында 1000ден ашык ыктыярчылардан турган команда түзүлөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул дүйнөлүк масштабдагы эл аралык иш-чарада ыктыярчылардын ролу маанилүү жана орду толгус болуп саналат. Волонтёрлор оюндарды уюштурууга катышып, иш-чараларды өткөрүүнүн негизги процесстеринде иш алып барат. Ыктыярчылык программага катышуу уникалдуу тажрыйба алууга, эл аралык командада иштөөгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараны уюштурууга жеке салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.Тандалган ыктыярчылар үчүн окутуу жана даярдоо программалары, тематикалык тренингдер жана окуу лагерлери уюштурулат.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига ФИФАнын президенти Жанни Инфантинону санкциялар россиялык командаларга терс таасирин тийгизе албастыгы туурасында айткан сөзү үчүн сынга алды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Кем акылдар Россия согушту бүтүрө албаганына карабай салынган тыюу, чектөөлөрдү жоюуну сунуштап жатышат", — деген Сибига. Дипломаттыкка жатпаган, сөз тийгизген мындай тилдөө Инфантинонун Россия командаларына коюлган чектөөнү алып салуу боюнча дүйшөмбү күндөгү билдирүүсүнө жооп катары айтылган.