Президент Садыр Жапаров диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алып жатып айтканын маалымат кызматы кабарлады.Жолугушууда коюлган тапшырмалардын аткарылышы, мекеменин мындан аркы иш пландары тууралуу сөз болгон. Президент диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер боюнча маселелер өзгөчө салмактуу, жоопкерчиликтүү жана кылдат мамилени талап кыларын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал өткөн жылы комиссия кайра түзүлүп, Улуттук агенттик деңгээлине көтөрүлгөнүн, бул анын ыйгарым укуктарын жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк бергенин эске салды. "Ташибеков уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө маалымдап, буга байланыштуу эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү. Президент бул маселе боюнча макулдугун билдирип, диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамын ыйгарууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта. Жолугушуунун соңунда Жапаров Ташибековго агенттиктин ачык-айкын ишин камсыз кылууну, ошондой эле дин аралык жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө, биримдикти жана адилеттүүлүк принциптерин илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жүлгүн жайлоосунда кар көчкү алдында калган эркек кишинин сөөгү үч күндөн кийин табылганын ӨКМ билдирди.Маалыматта маркум 37 жашта экени айтылат. 31-январда жергиликтүү тургундардан турган топ мергенчиликке чыккан. Ошол маалда кар көчкү жүрүп, бир кишини басып калган.ӨКМ издөө иштерине 12 куткаруучу дрон менен чыкканын, ошондой эле ИИМ өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар болуп жалпы 229 адам тартылганын билдирди.
АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган Жеффри Эпштейндин аялдарды, балдарды сатуу боюнча материалдарда Владимир Зеленский жөнүндө да айтылган. Бул туурасында РИА Новости жазды. Белгисиз адам 2024-жылдагы электрондук каттардын биринде кызыгарлык маалымат калтырган. Анда Киев бийлигинин башчысы Украинанын аймагынан адамдарды чыгарып кетүүгө тиешеси болушу мүмкүндүгү, ошондуктан анын кирешесин текшерүү зарылдыгы айтылган. Катта ошондой эле Зеленский модель агенти Жан-Люк Брюнель менен кызматташкан болушу ыктымал экени да жазылган. Агент 2020-жылы жашы жете электерди зордуктап жана Эпштейндин жашы жете элек балдарды сексуалдык жол менен пайдаланган схемасына жардам берген деп күнөөлөнгөн. Өткөн аптанын жума күнү АКШнын башкы прокурорунун орун басары Тодд Бланш чуулгандуу финансисттин иши боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу иши соңуна чыкканын билдирди. Жалпы жарыяланган материалдардын көлөмү 3,5 миллион файлдан ашты. Анын ичинде документтер, электрондук каттар, ошондой эле фото жана видеоматериалдар бар.