Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
2015-жылдан бери айдоочулук күбөлүккө сынак тапшыргандардын 95 пайызы өтүп, акча бере албай же бергиси келбей жүргөн 5-10 пайызы өтпөй калып жүргөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров айтты. Өлкө башчысы бүгүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барып, эл менен жолуккан. "Өлкө боюнча 275 миң жеке автомектеп бар. Айрымдарынын "под ключ" деген варианты бар экен. Бардык этаптарды бүтүрүп, колуна айдоочулук күбөлүктү берүү менен алар 65-70 миң сомдон баштап 1000 долларга чейин алып турушкан. Ушуга чейин күбөлүк сатылып келген фактыларды мисал менен айта кетейин, 2015-жылдан бери айдоочулук күбөлүккө сынак тапшыргандардын 95 пайызы өтүп келген. Акча бере албай же бергиси келбей жүргөн 5-10 пайызы гана өтпөй калып жүргөн", – деди президент. Жапаров 2021-жылдан бери системаны колго алып, беш-алты жетекчини алмаштырганын, анын арасында камалып кеткендери да болгонун белгиледи. Мамлекет жетекчисинин айтымында, коррупция менен күрөшө баштагандан тартып бул көрсөткүч дароо түшкөн. Сынактан өткөндөр 28, али эми өтпөгөндөр 72 пайызды түзө баштаган. Эскерте кетсек, президент 30-январдан баштап 30-августка чейин жеке автомектептердин лицензиясын токтоткон.
12 жылдык окутуунун алкагында окуу программасын жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жасалат. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын Технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын илимий кызматкери, профессор, педагогика илимдеринин доктору Абакир Мамытов билдирди. Мамытовдун айтымында, академияда мугалимдер менен жолугушуу уюштурулуп, жаңы окуу программасынын алкагында сунушталган календардык-тематикалык план талкууланган. Кызматкерлер методикалык түшүнүүнү жана коштоону талап кылган маселелер боюнча суроолорго жооп беришкени маалымдалды."Алдыда жасай турган иш көп. Буга чейин алты жаштагы балдар менен иштөө тажрыйбабыз жок эле, бул курактагы бөбөктөрдү бала бакчанын тарбиячылары карап келишкен. Азыр ажырым пайда болду. 1-класста мугалим жети жаштагы бала менен иштеп келген, алты жашар окуучунун өзгөчөлүктөрүн ал жакшы билбейт. Көйгөй бар, аны жоюу боюнча иштеш керек", — деди Мамытов.
ЕАЭБде Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн бир нече жеңилдик каралып, айрым товарлар ушул жылдын аягына чейин бажы төлөмүнөн бошотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тарифтик жеңилдик уюмга мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттоочу уюмдар, товарлардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн ырастоочу документ болгон учурда берилет. Төмөнкү азыктарга жеңилдиктер каралган: ири мүйүздүү малдын эти — 5 миң тоннадан ашпашы керек; камыш кант-сырьёсу — 20 миң тоннадан ашпашы керек; цитрус жемиштери — банан 3 000 тонна, мандарин 2 500 тонна, жүзүм 1 500 тонна, апельсин 1 000 тонна, манго менен киви 500 тоннадан ашпашы керек. Аталган азыктарга берилген жеңилдик ушул жылдын соңуна чейин күчүндө болот. Эскерте кетсек, бул продукцияларды ЕАЭБдин аймагынан чыгарууга тыюу салынат.