Инклюзивдик билим берүү: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруунун жолу

Sputnik
Инклюзивдик билим берүү — бул ар бир баланын ден соолугундагы өзгөчөлүктөрүнө, социалдык абалына же мүмкүнчүлүгүнө карабай, сапаттуу билималуу укугун камсыз кылган система. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы билим берүүчү мектептерде тең укуктуу окутууну көздөйт. Ошондой эле мындай билим берүү аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген баланын коомго социалдашуусу жеңил болот. Учурда буга мугалимдерди окутуу жана бул учурда кадимки окуучуга терс таасирлери болбошу үчүн атайын программалар жана стандарттар иштелип чыгууда.
Бул үчүн Россиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы колдонулуп жатат. Мындан тышкары жаңы салынып жаткан мектептерде инклюзивдик билим берүүгө ылайыктуу инфраструктура болот. Бул тууралуу Агартууминистрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси ГүлшанАбдылдаева маалымдады.