Адвокаттар үчүн белгилүү аймакка лицензия берүү киргизилет — бул кадр жетишсиздигин чечеби?

Sputnik
Министрлер кабинети адвокаттык лицензия алуу үчүн тестирлөөдөн жетиштүү упай топтой албай калгандарды жактоочулар жетишсиз болуп жаткан аймактарда иштөөгө уруксат берүү сунушун киргизди. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 27-январдагы жыйынында каралып, биринчи окуудан өттү. Адвокаттар үчүн локалдык лицензия киргизүү сунушу, кадр маселеси тууралуу Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков айтып берди.