Масадыков Москвада Лавров менен ЖККУнун келечегин талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москва шаарында жолугушту. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Маалыматка караганда тараптар уюмду өнүктүрүү жана анын ишинин натыйжасын арттыруу тууралуу пикир алмашкан. Ошондой эле быйыл Россиянын уюмга төрагалыгы алкагында аткарыла турган иштерди талкуулашкан.
Мындан тышкары, уюмдун Евразия аймагында тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук архитектурасын түзүүдөгү ролун жогорулатууну кеп кылышкан. Аймактагы кызыкдар мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен диалогду жана практикалык кызматташууну тереңдетүүгө да көңүл бурушканы айтылды.
Масадыков: ЖККУ чек арага жакын аймактардагы абалдын чыңалганына тынчсызданууда