БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Талас районундагы Жер-Үй кенинде бир киши каза болду. Бул тууралуу облустук ИИББ кабарлады.
Маалыматка караганда, 27-январда милицияга казуу иштери жүрүп жатканда таш кулап, бир адамды басып калгандыгы боюнча билдирүү түшкөн.
"Окуя болгон жерге милиционерлер барган. Текшерүү учурунда 51 жаштагы Б.И. аттуу жаранды таш басып каза болгону аныкталган. Мындан тышкары, 46 жаштагы Н.О. менен 45 жаштагы Б.М. жаракат алып, ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Алар суракка алынып, окуя боюнча эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Каза болгон адамга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү кызматтарга суроо-талаптар жөнөтүлгөн.
Учурда окуя боюнча текшерүү иштери уланууда.