БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Бишкектеги ыштын негизги себептерин атады.
Анын айтымында, төмөнкү төрт нерсе ыштын негизги булактары:
көмүр жагуу – 40%;
эски унаалар – 30%;
ЖЭБ – 15%;
чаңдар – 13,5%;
өндүрүш ишканаларынан чыккан газ — 1,5%.
Медер Машиевдин айтымында, соңку эки жылда шаарда абанын сапаты жакшырган, буга газдаштыруу да таасир эткен.
"Бул максаттарга багытталган жеңилдетилген насыянын пайыздык ченемдери сегизден үчкө түштү, ал эми программаны ишке ашыруу үчүн жыл сайын бюджеттен 150 миллион сом бөлүнөт. Шаарда 54 конуш газ менен камсыздалды. Өткөн жылы 36 миң абонент кошулду", — деди экология министри.
Ал былтыр көмүрдү пайдалануу 100 миң тоннага азайганын, бирок 97 миңге чукул түтүн дагы деле бул отунду колдонуп жатканын кошумчалады.
Буга чейин ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да калаада ыш азайганын айтып, мэрияга ыраазычылык билдирген.