БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Дональд Трамп Канаданы, Гренландияны жана Венесуэланы АКШга кошуу тууралуу пикирин билдиргенин америкалык Washington Post гезити жазды.
"Биз Гренландияга басып кирбейбиз, биз аны сатып алабыз. Гренландияны 51-штат кылуу ниетим жок. Мен Канаданы 51-штат кылгым келет. Гренландия 52-штат болот. Ал эми Венесуэла 53-штат болушу мүмкүн", — деген Трамп.
Макалада белгиленгендей, Трамп АКШнын аймактык экспансия маселесине бир нече жолу кайрылган. Кийинчерээк ал Гренландияга "Американын киришин" түз эфирден көрүүгө үлгүрүү үчүн сөзүн кыскартууга туура келерин тамаша иретинде айткан.
Гренландия Дания Королдугунун курамына кирет. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп арал улуттук коопсуздук үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин жүйө келтирип, ал Кошмо Штаттардын бир бөлүгү болушу керектигин бир нече жолу кайталаган. Америкалык лидер Гренландияга көзөмөл орнотуу үчүн аскердик күч колдонбоо тууралуу убада берүүдөн баш тарткан.
АКШнын өзүндө да президенттин Батыш жарым шарындагы экспансионисттик багытына каршы күчтүү оппозиция бар. Тактап айтканда, 8-январда Сенат Трампка Конгресстин уруксатысыз Венесуэлага каршы аскердик миссиялар менен америкалык аскерлерди жөнөтүүгө тыюу салган резолюцияны жактырган.