БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 4-5-февралда Абу-Дабиде (БАЭ) өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы шаршемби жана бейшемби күндөргө белгиленгени анык. Ал Абу-Дабиде өтөт", — деди Кремлдин өкүлү.
Эске салсак, 23-январда Абу-Дабиде Россия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу өтүп, кийинки күнү дагы уланган.