Кыргызстанда 2 миллиондой унаа бар, алардын канчасы бензин менен жүрөт?

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 2 миллионго жакын автоунаа катталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.
Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында министр өлкөнүн жарымы бензин менен жүргөн унааларды айдай турганын белгиледи. Машиевдин айтымында, республикада 15 миң 200 электр унаасы бар. Бул жалпы сандын 0,8 пайызын түзөт.

"Унаадан чыккан газ – ыштын негизги себептеринин бири. Учурда экологиялык жактан таза транспортко өтүү иштери жүрүп жатат", – деди ал.

Машиевдин маалыматына таянып, унааларды кыймылдаткычынын түрү боюнча бөлүштүрүү:
972 миң — бензин менен жүрүүчү;
339 миң — дизель;
56,9 миң — газ жана бензин;
37 миң — гибрид.
Депутаттар кызматтык автоунаа алды, айдоочу жана калган чыгымын өздөрү жабат