БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы медициналык мекемелерге кызматтык унааларды белек кылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына — үч, Нарын облустук соттук-медициналык экспертиза бюросуна — бир, облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна — төрт, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна — бир, ал эми Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорундагы ооруканаларга 11 автоунаа тапшырылган.
"Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени жарандарыбыз, элибиз муктаж болгон эң негизги тармактардын бири болуп саналат. Бүгүн Нарын облусундагы медициналык мекемелердин автоунаага болгон муктаждыктарын жоюп, аларга керектүү унааларды белек кылып берип жатабыз. Ар бир унаа эл үчүн, алардын саламаттыгы үчүн кызмат кылышы керек!" – деди Ташиев.
УКМК башчысы автоунааларды тапшырып жатып, медицина тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгилеп, элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги бекем болорун айтты.