БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Өлкөдөгү башталгыч класстардын мугалимдерине "Алтын казык" брендиндеги ноутбуктар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
20 миңден ашык ноутбук Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган. Аны тапшыруу иш-чарасына министр Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Кийинки партияны тарых, география жана кыргыз тили боюнча предметтердин мугалимдерине берүү пландалууда.
Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 031 даана "Алтын казык" ноутбугу берилген.