БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы Жер-Үй алтын кенинде болгон кырсыктын иликтенишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы эки адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Учурда жабыркагандарга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Министрлер кабинети кырсыктын бардык жагдайлары дыкат изилденип, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүшүн камсыздайт", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин Жер-Үй кенинде бир кишини таш басып каза тапканы кабарланган.