"Таманыңа ийне сайып, үтүк басам". Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкекте "майып кылып салам" деп коркутуп, акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан бирдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар "сүйлөшкөн кызыңдын карызы бар" деп 150 миң рубль талап кылып жатканын билдирген.
Аталган факт боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Опузалап талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 32 жаштагы Ч.Т. жабырлануучудан 80 миң сом алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ысык-Көлдө милициянын майору абактагыларды кыйнаган деп шектелүүдө. Видео