БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков Италияда өтө турган XXV кышкы Олимпиада оюндарына сапар алышты. Лыжачыларды узатуу салтанаты бүгүн Улуттук Олимпиада комитетинде өттү.
Олимпиадага сапар алган кыргызстандык спортчулар Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков
© Фото / Амантур Шергазиев
Спортчуларды эки машыктыруучу жана беш аткаминер коштоп барат.
Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев спортсмендерге дем-күч берип, Олимпиада оюндарында ийгиликке жетишине, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келүүсүнө тилектештигин билдирди.
Маалыматка ылайык, Шакиров 14 жана 16-февралда жарышка чыгат. Ал эми мамлекеттик туу тапшырылган Сапарбеков 10-февралда жана 13-февралда күчүн сынайт.
6-февралда баштала турган Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д"Ампеццо шаарларында өтүп, 22-февралда жыйынтыкталат.