Күндө эң жогорку класстагы жарылуу катталды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Күндө эң жогорку X класстагы жарылуу катталды. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын Telegram каналы жарыялады.
"Күндөгү жарылуунун деңгээли X8.11ди түздү. Азырынча Жер түз соккулар аймагында эмес", — дешти лабораториядан.
Маалыматка караганда, бул быйылкы жылдын башынан бери ушундай масштабдагы үчүнчү учур. Буга чейин эң жогорку класстагы эки жарылуу 1-февралда жана 18-январда катталган.
Күчтүү магниттик бороон кыска толкундуу байланыш жана навигация системаларынын ишине, ошондой эле өнөр жай тармактарындагы чыңалуунун бузулушуна себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Күндүн активдүүлүгү жогорулаганда полярдык шамалдарды (түндүк жана түштүк жарыктарын) дүйнөнүн көп жеринен көрүүгө мүмкүн болот.
АКШ: кыш апаатка айланууда, каттамдар токтоп, эл электр кубатысыз калды. Видео