Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубайга барды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубайга барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, минкаб төрагасын Бириккен Араб Эмирликтеринин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум чакырган.
1 / 2

Минкаб төрагасын БАЭ вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум чакырган

2 / 2

Саммиттин алкагында "Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн "Ак илбирс" модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар" аттуу кошумча иш-чара өткөрүлөт

"Саммиттин алкагында "Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн "Ак илбирс" модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар" аттуу кошумча иш-чара өткөрүлөт. Ал кыргыз тараптын демилгеси менен биринчи жолу уюштурулууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле иш сапардын алкагында БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери, бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддорунун башчылары менен жолугушуу, эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.
ЕЭК менен БАЭ транспорт, инфраструктура жана логистика тармагында кызматташат