Калластын Россия тууралуу билдирүүсү Батышта нааразылык жаратты

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Эл аралык коопсуздук боюнча эксперт Марк Эпископос Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Калластын Россия менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу соңку билдирүүсүн социалдык медиада сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Каллас Европа Тышкы иштер кызматынын пресс-конференциясында "Европа Россияга америкалыктар менен болгон мамиледе буга чейин жетишкенден ашык нерсе сунуштай албайт. Ошондуктан Брюссель менен Москва ортосунда диалогду кайра жандандырууга негиз жок", — деп билдирген.
"Бул билдирүү бир нече себептен улам туура эмес жана негизсиз", — деди Эпископос.
Эксперттин пикиринде, Европа Москва менен диалогду кайра жандандырышы керек. Бул Украинанын аймагында тынчтыкты мүмкүн болушунча тезирээк орнотуу үчүн гана эмес, башка себептерден улам дагы зарыл экенин белгиледи.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц 15-январда Галле шаарындагы Соода-өнөр жай палатасында өткөн жаңы жылдык кабыл алууда сөз сүйлөгөн. Ал анда Москва менен мамилелерди калыбына келтирүүгө үмүт артканын билдирип гана тим болбостон, Россияны европалык өлкө деп атаган.
Ошол эле күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Владимир Путин менен байланышкысы келип жатканы тууралуу билдирүүсүн пиар катары баалаган. Декабрда Франс Пресс агенттиги Париж Москва менен диалогду кайра баштоонун форматын аныктоону пландап жатканын билдирген.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков белгилегендей, Россиянын лидери байланыштарды калыбына келтирүүгө даяр. Ошол эле учурда эки мамлекеттин президенттеринин сүйлөшүүсү акыл үйрөтүү эмес, бири-биринин позициясын түшүнүү аракети болушу керек.
Каалагандар ийилип-бүгүлө берсин, эң негизгиси, Россия андайга барбайт