БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши өлкөнү какао пастасы менен какао майын импорттоодо бажы алымдарынан бошотту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеңеш аталган продукцияны импорттоодо бажы алымдарын 2027-жылдагы апрелдин соңуна чейин алып салган.
"Бул кондитердик ишканаларды сапаттуу чийки зат менен туруктуу камсыздоого, даяр продукциянын чыгымын төмөндөтүүгө жана ички базардагы баалардын өсүшүн токтотууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, кеңештин жыйынында Кыргызстанга 2026-жылдын аягына чейин тарифтик жеңилдик берүү чечими кабыл алынды. Өлкө 20 миң тонна чийки камыш кантын импорттоо боюнча бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Бул чара жергиликтүү кантты кайра иштетүүчү ишканаларга колдоо көрсөтүп, ички рынокто бааны турукташтырат.