өжөрлүк жеткирген ийгилик — азиз жигит кантип спортчу болду

Sputnik
Дастан Камчыбеков, учурда республикада эле эмес, эл аралык деңгээлде спортко жана музыкага болгон сүйүүсү менен ийгиликтерди багындырып, көптөгөн жаштарга үлгү боло алган инсанга айланды. Анын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, азиз болгонуна карабай өжөрлүгү, кашкөйлүгү жана талыкпаган эмгеги менен аралыка чуркап, сууда сүзүп эле тим болбостон Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктап, музыкага болгон кызыгуусунун арты менен чопочоор тартканды үйрөнүп, турмуш куруп, жубайы экөө наристесине татыктуу тарбия берип турган учуру.
Жөн гана көчөдө эркин басып жүрүү, эч кимге көз каранды болбой кыймылдоого кайрадан үйрөнүү, спортко келүү, өзүн жеке инсан катары өстүрүүдөгү кыйынчылыктар жана улам кичинеден баш ийип берген ийгиликтери тууралуу Дастан Камчыбеков "Стимул" программасында айтып берди.