Кыргызстанда 2026-жылга карата айыл чарба тармагына 200 миң тоннага жакын минералдык жер семирткич керектиги аныкталды. Азоттук, фосфордук жана калийлик жер семирткичтердин көлөмү белгиленди, ал эми учурда өлкөгө 21,5 миң тонна алынып келип, кампаларда 19,2 миң тонна сакталууда.Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) акыркы чечимине ылайык, минералдык жер семирткичтерди импорттоого бажы төлөмдөрү эки жылга нөлгө түшүрүлдү. Учурда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин №124 буйругуна ылайык минералдык жер семирткичтер чек арада эсепке алынып жатат.
“Ачык кеп” программасынын мейманы Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алакуновго импорттун максаты, жазгы талаа иштерине жеткиликтүүлүк, чек арадагы көзөмөл жана фермерлер үчүн колдоо механизмдери тууралуу суроолор берилди.