Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Экология министри Бишкектеги ыштын негизги себептерин атадыКүндө эң жогорку класстагы жарылуу катталдыЕЭК какао продукциясын импорттоодо бажы алымдарын жойдуАлдыда кененирээкЕвразия экономикалык комиссиясынын кеңеши өлкөнү какао пастасы менен какао майын импорттоодо бажы алымдарынан бошотту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кеңеш аталган продукцияны импорттоодо бажы алымдарын 2027-жылдагы апрелдин соңуна чейин алып салган. "Бул кондитердик ишканаларды сапаттуу чийки зат менен туруктуу камсыздоого, даяр продукциянын чыгымын төмөндөтүүгө жана ички базардагы баалардын өсүшүн токтотууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат билдирүүдө. Мындан тышкары, кеңештин жыйынында Кыргызстанга 2026-жылдын аягына чейин тарифтик жеңилдик берүү чечими кабыл алынды.
Талас районундагы Жер-Үй кенинде бир киши каза болду. Бул тууралуу облустук ИИББ кабарлады. Маалыматка караганда, 27-январда милицияга казуу иштери жүрүп жатканда таш кулап, бир адамды басып калгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. "Окуя болгон жерге милиционерлер барган. Текшерүү учурунда 51 жаштагы Б.И. аттуу жаранды таш басып каза болгону аныкталган. Мындан тышкары, 46 жаштагы Н.О. менен 45 жаштагы Б.М. жаракат алып, ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Алар суракка алынып, окуя боюнча эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдиришкен", — деп айтылат маалыматта. Каза болгон адамга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү кызматтарга суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Учурда окуя боюнча текшерүү иштери уланууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Бишкектеги ыштын негизги себептерин атады. Анын айтымында, төмөнкү төрт нерсе ыштын негизги булактары: көмүр жагуу – 40%; эски унаалар – 30%; ЖЭБ – 15%; чаңдар – 13,5%; өндүрүш ишканаларынан чыккан газ — 1,5%. Медер Машиевдин айтымында, соңку эки жылда шаарда абанын сапаты жакшырган, буга газдаштыруу да таасир эткен. "Бул максаттарга багытталган жеңилдетилген насыянын пайыздык ченемдери сегизден үчкө түштү, ал эми программаны ишке ашыруу үчүн жыл сайын бюджеттен 150 миллион сом бөлүнөт. Шаарда 54 конуш газ менен камсыздалды. Өткөн жылы 36 миң абонент кошулду", — деди энергетика министри. Ал былтыр көмүрдү пайдалануу 100 миң тоннага азайганын, бирок 97 миңге чукул түтүн дагы деле бул отунду колдонуп жатканын кошумчалады.
Күндө эң жогорку X класстагы жарылуу катталды. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын Telegram каналы жарыялады. "Күндөгү жарылуунун деңгээли X8.11ди түздү. Азырынча Жер түз соккулар аймагында эмес", — дешти лабораториядан. Маалыматка караганда, бул быйылкы жылдын башынан бери ушундай масштабдагы үчүнчү учур. Буга чейин эң жогорку класстагы эки жарылуу 1-февралда жана 18-январда катталган. Күчтүү магниттик бороон кыска толкундуу байланыш жана навигация системаларынын ишине, ошондой эле өнөр жай тармактарындагы чыңалуунун бузулушуна себеп болушу мүмкүн.