Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Чыңгыз Айтматов сыйлыганан каржы фонду жогоруладыКалластын Россия тууралуу билдирүүсү Батышта нааразылык жараттыКамчыбек Ташиев Нарындагы ооруканаларга 20 кызматтык автоунаа тапшырдыАлдыда кененирээкУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы медициналык мекемелерге кызматтык унааларды белек кылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына — үч, Нарын облустук соттук-медициналык экспертиза бюросуна — бир, облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна — төрт, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна — бир, ал эми Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорундагы ооруканаларга 11 автоунаа тапшырылган."Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени жарандарыбыз, элибиз муктаж болгон эң негизги тармактардын бири болуп саналат. Бүгүн Нарын облусундагы медициналык мекемелердин автоунаага болгон муктаждыктарын жоюп, аларга керектүү унааларды белек кылып берип жатабыз. Ар бир унаа эл үчүн, алардын саламаттыгы үчүн кызмат кылышы керек!" – деди Ташиев. УКМК башчысы автоунааларды тапшырып жатып, медицина тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгилеп, элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги бекем болорун айтты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Профсоюз көчөсүнүн улантылышына байланыштуу көрүстөндү көчүрүү маселеси боюнча тургундар менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар Бишкек — Кара-Балта жолундагы тыгынды азайтууга багытталган.Айбек Жунушалиевдин айтымында, долбоор эки вариантта жазылган. Биринчисинде жол көрүстөндү кесип өтсө, экинчисинде аны айланып өтөт. “Шаар өнүгүшү керек, бир жерде тура берген болбойт. Тирүүлөрдү дагы ойлойлу. Мисалы, калаанын өнүгүшү үчүн Ош менен Балыкчы шаарларында көрүстөндөрдү көчүрүшкөн. Шаар өнүгүп, элдин саны өсүүдө. Мөөнөт жана мыйзамдар (көрүстөндү которуу боюнча) бар, аларды сакташыбыз керек”, — деди калаа башчысы. Мэр көрүстөндү көчүрүү маселеси жергиликтүү тургундардын талаптарын эске алуу менен чечилерин, кийинчерээк эл менен дагы бир жолугушуу болорун айтты.
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 3 жылда бир берилет Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы мындан ары үч жылда бир жолу тапшырылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, сыйлыктын каржылоо суммасы 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Сыйлык 11 наам боюнча ыйгарылат.
Эл аралык коопсуздук боюнча эксперт Марк Эпископос Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Калластын Россия менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу соңку билдирүүсүн социалдык медиада сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин Каллас Европа Тышкы иштер кызматынын пресс-конференциясында "Европа Россияга америкалыктар менен болгон мамиледе буга чейин жетишкенден ашык нерсе сунуштай албайт. Ошондуктан Брюссель менен Москва ортосунда диалогду кайра жандандырууга негиз жок", — деп билдирген. "Бул билдирүү бир нече себептен улам туура эмес жана негизсиз", — деди Эпископос. Эксперттин пикиринде, Европа Москва менен диалогду кайра жандандырышы керек. Бул Украинанын аймагында тынчтыкты мүмкүн болушунча тезирээк орнотуу үчүн гана эмес, башка себептерден улам дагы зарыл экенин белгиледи.