Санарип сом деген эмне жана анын артыкчылыгы эмнеде?

Sputnik
Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Ал мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат жана 1 санарип сом 1 кадимки сомго барабар. Улуттук банктын кепилдиги бар болгондуктан акча калыбына келтирилет. Учурда санарип сом долбоору пилоттук этапта ишке ашырылууда. Ал төлөмдөрдү тездетүү, чыгымдарды азайтуу жана акча жүгүртүүнүн ачыктыгын жогорулатуу максатын көздөйт. Санарип сом нак акчаны толук алмаштырбайт, ал кошумча төлөм куралы катары колдонулат.
Бул тууралуу Улуттук банктын Санариптик каржы технологиялары башкармалыгынын Санариптик сом бөлүмүнүн начальниги Нурсултан Маматов билдирди. Анын айтымында, келечекте айлык, пенсия төлөмдөрү санарип сом аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.