Кыргызстан 2026-жылы 15 миң даана электромобиль ташып кирүүгө квота алды. Бул Москвада өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында белгилүү болгон. Беларус 20 миң даана толук электр менен жүрүүчү автоунааларды, Армения менен Кыргызстан ар бири 15 миң даанадан толук электр менен жүрүүчү жана гибриддик автоунааларды бажы алымдарысыз ташып келе алат. Пошлинасыз электромобилди ташып келүү шарттары тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин эл аралык каржылоо, жашыл экономика жана туризм бөлүмүнүн башкы адиси Алымбек Калыков айтып берди.