Баланын укугу — алимент: өндүрүү механизмдери күчөйбү?

Sputnik
Бүгүнкү күндө алимент өндүрүү маселеси коомдо актуалдуу бойдон калууда. Баланын багылышын, билим алуусун жана татыктуу жашоосун камсыз кылуу — ата-эненин түздөн-түз милдети. Акыркы жылдары алимент төлөөдөн качкан учурлар, карыздардын өсүшү жана өндүрүү механизмдериндеги көйгөйлөр коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда.
Ушул багытта мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатат? Алимент өндүрүүдө мамлекет кандай чараларды көрүүдө? Карызкор ата-энелерге карата жоопкерчилик күчөйбү? Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн студиябызга Башкы прокуратуранын башкы башкармалыгынын прокурору Тынчтыкбек Баратовду чакырып маектештик.