Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйындын күн тартибине бажы-тарифтик жөнгө салуу, өнөр жай кооперациясы, фитосанитардык коопсуздук жана биргелешкен долбоорлорго финансылык көмөк көрсөтүүгө тиешелүү 32 маселе киргизилген. Негизги чечимдердин бири катары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ЕАЭБдин ченемдик базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү болду. Кыргызстанга чийки камыш кантын алып келүүгө тарифтик жеңилдик берилди. Чечимге ылайык, республика 2026-жылдын 31-декабрына чейин 20 миң тонна көлөмдөгү импорттук бажы алымын төлөөдөн бошотулат. Бул чара ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого жана ички кант рыногундагы бааларды турукташтырууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандын демилгеси боюнча ЕЭК кеңеши турбовинттүү жарандык жүргүнчү учактарына карата бажы жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартууну жактырды. Жеңилдетилген режимдин мөөнөтү 2028-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Чечим авиациялык техниканын паркынын сапатын жакшыртууга жана Союздун ичиндеги аймактык авиакаттамдардын тармагын кеңейтүүгө багытталган. Агрардык секторду чыңдоодогу маанилүү кадам болуп ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу саналат.
Тышкы иштер министрлигинде “Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы орусча-кыргызча терминдер сөздүгүнүн” бет ачары өттү. ТИМден билдиришкендей, иш-чарага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ТИМдин кызматкерлери жана Улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышты. Презентациянын ачылышында Жээнбек Кулубаев эмгектин практикалык маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, сөздүк дипломаттар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана эмес, кеңири коомчулук үчүн да талап кылынган маанилүү курал болуп саналат. Министрдин пикиринде, бул басылма кыргыз тилиндеги эл аралык терминологияны бирдиктүү кылууда жана системдештирүүдө негизги ролду ойнойт. ТИМ башчысы сөздүк министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, ошондой эле тиешелүү жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгүнө активдүү киргизилерине ишенимин билдирди. Өз сөзүндө Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында мамлекеттик тилди жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду, ошондой эле жаңы сөздүктүн атамекендик дипломатиянын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.
Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-индиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар соода-экономикалык, саламаттык са