Кыргызстанда санариптик маалыматтарды соттордо далил катары таануу сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Юстиция министрлиги санариптик маалыматтарды (аудио, видео, жазышуулар ж.б.) кылмыш ишинде далил катары колдонууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

"Практика көрсөткөндөй, трафик боюнча маалыматтар, колдонуучулар тууралуу маалыматтар, санариптик журналдар, кат алышуулар, аудио жана видеожазуулар, файлдар, метадайындар, лог-файлдар жана башка санариптик маалыматтар бардык жерде колдонулат, бирок далилдердин өз алдынча түрү катары мыйзамда бекитилген статусу жок. Укук коргоо органдары аларды аргасыздан материалдык же жазуу жүзүндөгү далилдерге кошуп жатышат", — деп айтылат документте.

Маалыматка ылайык, министрлик соттор аларды далил катары тааныбай койсо тергөөнү, анын ичинде интернет шылуундугуна байланыштуу иштерди териштирүүнү татаалдатарын белгилеген.
Санариптик маалыматтар боюнча ченемдерди Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процесстик кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизүү алар менен иштөөнүн так жана бирдиктүү эрежелерин белгилөө үчүн зарыл.
Ичимдик, тамеки ташууда санарип пломбалар милдеттүү түрдө колдонулат