БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда тынчтык келишими болгону биринчи кадам болот. Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер билдиргенин РИА Новости жазды.
“Келишим аймактарга, алардын чек араларына, башкаруу ыкмаларына жана ок атышууну токтотуу режиминин сакталыш тартибине байланыштуу маселелерди камтыйт. Бул — абдан татаал суроолор”, — деди Мэттью Уитакер Fox News телеканалындагы маегинде.
23-24-январда Абу-Дабиде коопсуздук маселелери боюнча Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу жолугушуусу өткөн. Кийинки жолугушуу болжол менен 1-февралга пландалууда. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул раунд эки тараптуу форматта өтүшү мүмкүн экенин, бирок зарыл учурда АКШ кошуларын билдирген.