БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев документтерде жынысты өзгөртүп жазууга тыюу салган мыйзам долбоорун демилгеледи. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечи Марлен Маматалиев медицина жынысты өзгөртүүнү жеткиликтүү кылып, ал эми мыйзамдар бул маселеде артта калганын белгилеген. Анын айтымында, учурда медициналык маалым каттын негизинде документтерде жыныс деген графаны алмаштырууга жол ачкан укуктук боштук орун алган.
“Жынысты өзгөртүүгө уруксат берүү никени каттоодо, ата-эне статусун аныктоодо укуктук коллизияларды жаратып, аскердик кызмат өтөөдөн, кылмыш жоопкерчилигинен качууга жол ачып, спортто адилетсиз атаандаштыкка шарт түзүшү мүмкүн. Ошондой эле атасын же энесин аныктоодо башаламандыктарды жаратып, демографиялык абалга терс таасирин тийгизет”, — деп жазылган негиздемеде.
Мындан улам документтерде жынысты өзгөртүп жазууга тыюу салуу сунушталган. Ал эми баланын атасы катары эркек гана, апасы катары аял гана боло алары мыйзам долбоорунда белгиленген. Техникалык ката кеткен учурларда гана документтеги жынысы деген графаны өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.