Ысык-Көлдө 200 тоннага чукул нефритке окшош уникалдуу таш казылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу айылында нефритке окшош уникалдуу таш казылды.
Жергиликтүү тургундар жерден жарым-жартылай чыгып турган таштын нефрит экенин айтып, видеодо анын ачылышы да жасалды.
Анын салмагы 180 тонна экени айтылып, таш турган жерди туристтерге көрсөтүүчү жай кылууну көздөшүүдө.
Табылган таш нефритоид болушу да божомолдонууда.
Нефрит — сапатына жараша килограммы бир нече миң долларга жеткен баалуу таш. Нефритоид болсо курамында нефрит бар, бирок сапаты жагынан начарыраак болгон таш.
Ысык-Көл облусунда фрирайд боюнча турнир өтүп, 20дай өлкөдөн спортчулар катышты