Эксперт видеого түшүп калган жаныбар эмнеси менен кооптуу экенин түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекте сейрек кездешүүчү кундуз делген жаныбарды соцтармактын колдонуучулары 29-январда Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен тартып алышкан.
Бирок ал кундуз эмес, түндүк-америкалык самыр экенин "Илбирс" фондунун негиздөөчүсү билдирди.
Нурлан Мамыровдун айтымында, алгач аны Россияга алып келишкен, эми Кыргызстанга да кое берилди.

“Бул жаныбар өтө агрессивдүү жана соргок келет. Көзүнө илингендин, оозуна тийгендин баарын жеп салат. Саны абдан тез көбөйөт. Кундуз, суусар, ачкүсөн жана башка жергиликтүү жаныбарлардын тоют атаандашы болгондуктан аларга чоң коркунуч жаратат”, — деди эксперт.

Мамыров самырдын бул түрүн буга чейин Чүй, Жумгал жана Чаткал аймактарынан да көрүшкөнүн белгиледи. Ошондой эле ал жаныбар табигый жол менен миграция болуп келиши күмөн экенин айтып, аны кимдир бирөө алып келип кое берген болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.
“Ал канаттууларды, алардын жумурткаларын, балыкты, коёндун бөжөктөрүн жана алы жеткен башка жаныбарларды бүт жеп салат. Видеодон көрүнүп тургандай, ал эч нерседен коркпойт. Абдан бат көбөйгөн, анан укмуштай жанын баккан жаныбар. Бул абдан өкүнүчтүү жагдай”, — деди ал.
Радио
Кубанычбеков: Кыргызстанда кундуз тукум курут болгон жок, үмүт бар