"Сен куту коюп эле акча сурап отур" дешчү. Азиз ишкердин видеомаеги

Бул ирет баарлашууга Кыргызстандын паратриатлон боюнча курама командасынын мүчөсү, ишкер Азат Токтомбаевди чакырдык.
Sputnik
Каарманыбыз аталган спорттун түрү боюнча чет өлкөдө, Кыргызстанда өткөн жарыштарда байгелүү орундарга татыган. Ал эми ишкерликти "жылаңач эле идея" менен баштап, тынымсыз эмгектин арты менен гана ийгиликтүү ишке ашырып келет. Бирок биздин маек куруубуздун себеби башка, каарманыбыз тубаса азиз.
Анткен менен Азат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин кол куушуруп отура берүүгө себеп деп эсептебейт. Көзү азиздер үчүн мектептен билим алып, жогорку окуу жайды да аяктаган.
"Көзү көргөндөр менен студенттик жашоо кандай болорун билгим келди. Каракол шаарында Касым Тыныстанов атындагы университет бар. Ал кезде ата-энем Караколдо турчу. ЖРТдан алган упайым бюджетке окууга тапшырууга жетиштүү болчу. Окууга тапшырганда маселе жаралды. "Окута албайбыз, көзүң көрбөйт экен" дешти. Алардын 30 жылдык тарыхында мындай көзү көрбөгөн бала окубаптыр. Анан ректордун өзүнө кирдим. Ректору жакшы киши экен, түшүнүктүү. Ал деле кантип окуйсуң деп чочулады. "Башкысы, мени алсаңар эле өзүм окуп кетем, мага шарттын, эч нерсенин кереги жок, кадимки эле студенттерге жасаган мамилени эле жасай беришсин" дедим. Диктофонго жаздырам, өзүм брайль арибинде жазам деп түшүндүрдүм. Ал "макул, сени кабыл алабыз" деп комиссиядагы кыздарга дайындап коюптур. Барсам оңой эле кабыл алышты", — деди окууга тапшырган учурун эскерип.
Каарманыбыз андан кийин Бишкектеги көзү азиздердин реабилитациялык борборунан окуган. Ошондо смартфон, компьютер колдонгонду, таяк менен басканды, өзүн-өзү тейлегенди, тамак-аш даярдаганды үйрөнгөн. Эми өзү аталган борбордо мугалим да болуп эмгектенет.
Азат Токтомбаев ишкерликти баштоодо азиз болгону үчүн жаралган түйшүктөрдү баяндап, алдынан кезиккен тоскоолдуктардан токтоп калбаганын белгиледи.