БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки этаптарындагы жолугушууларды күтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Америкалык тарап менен дайыма байланыштабыз жана алардан кийинки жолугушуулар боюнча так маалымат күтүп жатабыз. Украина бардык форматтарда иштөөгө даяр. Жолугушуулардын өтүшү жана алардын жыйынтыгы маанилүү. Кийинки аптада жолугушуулар болушу мүмкүн деп даярдык көрүп жатабыз”, — деди Зеленский.
Ал сүйлөшүүлөр Россия менен эки тараптуу форматтабы, АКШ мененби же жаңы үч тараптуу жолугушуу болобу, тактаган жок.
Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн коопсуздук боюнча үч тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү 24-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп, БАЭ өкмөтү жолугушууну позитивдүү жана конструктивдүү деп баалаган. РФ жана Украина делегациялары түздөн-түз байланышкан.
Абу-Даби шаарында Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду болжол менен жекшемби күнү өтүшү күтүлүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушуунун эки тараптуу форматта өтө турганын, бирок АКШ да катыша аларын билдирген.