БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландия боюнча сүйлөшүүлөр башталганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
АКШ президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул багытта бир катар маселелер боюнча макулдашууларга жетишилгенин билдирди.
Анын айтымында, АКШ Гренландия маселесин Европа лидерлери менен да талкуулаган. Алардын айрымдары АКШнын Гренландия боюнча келишим түзүүсүн колдойт.
Ал сүйлөшүүлөр кайсы тараптар менен жана кайсы маселелер боюнча жүрүп жатканы тууралуу так маалымат берген жок.