Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Алгач, “Электр энергетикасы жөнүндөгү” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Мыйзам долбоорунун максаты, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү. Тагыраагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен курулган объекттердин кубаттуулук чегин 30 МВттан 50 МВтка чейин жогорулатуу. Бул кадам ири инвесторлорду тартууга мүмкүндүк берет. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин баяндамасынан кийин, минкаб мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды. Андан соң, 2025-жылга министрлер кабинетинин иш-аракеттер планынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары каралды. Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Нурбек Ташбековдун баяндамасы угулду. Ага ылайык, министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларды ишке ашыруудагы министрликтердин, мамлекеттик агенттиктердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын аткаруучулук ишмердүүлүгү каралды.
Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахманов тууралуу “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильмди 2025-жылдын 1-июлунан тарта өндүрүшкө жиберди. Маданият министрлигинен билдиришкендей, учурда тартуу тобу Москва шаарындагы “Москино” кинопаркында натуралык кадрларды тартып жатат. Белгилей кетсек, бул кыргыз киночулары үчүн аталган кинопаркта тартылган алгачкы көркөм фильм. Тартуу иштерине Россиянын белгилүү актерлору жана Казакстандын актеру катышууда. Фильмдин бет ачары 2026-жылдын август айында өтүп, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналат.
Владимир Зеленский жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки этаптарындагы жолугушууларды күтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Америкалык тарап менен дайыма байланыштабыз жана алардан кийинки жолугушуулар боюнча так маалымат күтүп жатабыз. Украина бардык форматтарда иштөөгө даяр. Жолугушуулардын өтүшү жана алардын жыйынтыгы маанилүү. Кийинки аптада жолугушуулар болушу мүмкүн деп даярдык көрүп жатабыз”, — деди Зеленский. Ал сүйлөшүүлөр Россия менен эки тараптуу форматтабы, АКШ мененби же жаңы үч тараптуу жолугушуу болобу, тактаган жок. Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн коопсуздук боюнча үч тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү 24-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп, БАЭ өкмөтү жолугушууну позитивдүү жана конструктивдүү деп баалаган. РФ жана Украина делегациялары түздөн-түз байланышкан.