“2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык "Камбар-Ата–1 ГЭСи", "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу" сыяктуу ири долбоорлор ишке ашат. Бүт аймактар өзгөрөт. ” – деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө. Министрлер кабинетинин төрагасы 2020-жылдагы өлкөнүн акыбалы менен азыркы өзгөрүүлөрдүн асман менен жердей айырмасы бар экенин айтып, алдыдагы беш жылда дагы ири иштер жасалаарын анда прокуратура органдарынын ак ниет иштөөсүнүн маанисин таасын белгиледи. Адылбек Касымалиев мамлекет прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлер үчүн жакшы шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратын салууга республикалык бюджеттен 85,5 млн сом каражат бөлүнгөнүн, жаңы имаратта түзүлгөн шарттар санариптик чечимдерди кеңири колдонууга, иш кагаздарын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандар менен иштеген ишти жеңилдетүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады. Ал өз сөзүндө жалпы эле Нарында жасалып жаткан өзгөрүүлөргө өзүнчө токтолуп, облус боюнча президенттин көзөмөлүндө турган 9,4 млрд сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Белгилей кетсек, Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имараты менен кошо, минкаб башчысы Нарын райондук прокуратурасынын жаңы салынган имаратын дагы ачты.
Күн мурун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров иш сапары менен Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айылында жайгашкан «Евразия Групп» компаниясынын тигүү фабрикасына барды. Агенттиктен билдиришкендей, иш сапар тигүү фабрикасынын экинчи этабын куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышууга багытталган. Долбоор боюнча биринчи жана кийинки этаптарды кошкондо инвестициянын жалпы көлөмү 40 млн АКШ долларын түзөт.Бул этаптын ишке ашырылышы текстиль кездемесин өндүрүүдөн тартып даяр продукцияны тигүүгө чейинки толук өндүрүштүк циклди түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул, өз кезегинде, текстиль продукциясынын импортунан көз карандылыкты олуттуу түрдө кыскартып, өндүрүштү локалдаштыруунун деңгээлин жогорулатат. Мындан тышкары, долбоор олуттуу социалдык-экономикалык натыйжага ээ. Фабриканы кеңейтүүнүн натыйжасында 600дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда. Бул Кара-Суу районунун жана жалпы Ош облусунун өнүгүүсүнө маанилүү салым болот. Равшанбек Сабиров долбоордун Кыргызстандын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдөгү стратегиялык маанисин белгилеп, региондорду өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган инвестициялык демилгелерге мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу айылында нефритке окшош уникалдуу таш казылды.Жергиликтүү тургундар жерден жарым-жартылай чыгып турган таштын нефрит экенин айтып, видеодо анын ачылышы да жасалды.Анын салмагы 180 тонна экени айтылып, таш турган жерди туристтерге көрсөтүүчү жай кылууну көздөшүүдө. Табылган таш нефритоид болушу да божомолдонууда.Нефрит — сапатына жараша килограммы бир нече миң долларга жеткен баалуу таш. Нефритоид болсо курамында нефрит бар, бирок сапаты жагынан начарыраак болгон таш.