Кыргызстандын аймактарында жеңил унаалар менен жүргүнчү ташуу ишин лицензиялоо уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.Маалыматка ылайык, процедура такси кызматын тартипке келтирүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын өмүрүн сактоо, жол кырсыктарын азайтуу, ошондой эле унаалардын техникалык абалын жана айдоочулардын эмгек режимин көзөмөлдөө максатында киргизилген. Лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. ИИМ айдоочуларды документтерди кечиктирбестен, алдын ала Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына кайрылууга чакырат.Лицензия алуу үчүн жети документ талап кылынат. Алардын үчөөнү «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алууга болот. Алар — салык органдарында катталгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишими жана соттолбогондугу тууралуу маалымкат.Ал эми жеке кайрылууда эмгек келишими, ишеним кат же унааны ижарага алуу келишими, техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу акт жана айдоочунун ден соолугу тууралуу медициналык маалымкат тапшырылат.Мамлекеттик алымдын өлчөмү 500 сомду түзөт.
Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-индиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар соода-экономикалык, саламаттык сактоо, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин баса белгилешип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги, анын ичинде алдыдагы көп тараптуу иш-чаралардын алкагында үзгүлтүксүз саясий байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык стратегиялык өнөктөштүктү андан ары чыңдоо үчүн биргелешип иштөөгө болгон милдеттенмелерин тастыкташты.
Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов былтыр ведеомство дары-дармекти эки эсе кымбат алганы жатышканда токтотуп калганын айтты Министрдин айтымында, “Кыргыз фармацияда” коррупциялык схема жана айрым фармкомпаниялардын пайдасына иштегендер аныкталган. "17-декабрда 123 млн сомго дары-дармек жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Анда бир дарынын таңгагын 2 900 сомдон алышмак. Биз башка компаниялардын сунуштарын караштырсак, алар эки эсе арзан кылып, 1 490 сомдон сунушташкан. Бирок негедир алардан алышкан эмес”, — деген министр. Натыйжада жеңүүчү деп табылган компания дары-дармектерди жеткирип берген. Бирок Досмамбетов алардын бардыгын кайра кайтарып берүүнү тапшырган. Кийин арзан сунуштагандардан алышкан.