"Өлө албай атып, өлөң айтат болдук". Немецтер Киевге көмөктөшкөн өкмөтүнө нааразы

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Германия коомчулугунда өкмөттүн өз жарандарынан көрө Украинага көбүрөөк көмөк көрсөтүп жатканына нааразылык күчөп, талаш-тартыш жаралды. Бул тууралуу Berliner Zeitung басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Ушул айдын башында Берлинде асма кабелдик көпүрөдө өрт чыккан. Анын кесепетинен миңдеген ишканалар жана он миңдеген кожолук электр жарыгы менен жылуулугу жок калган. Басылма дал ушундай ички муктаждыкка карабай, Украинага гуманитардык жардам кетип жатканына эл нааразы экенин жазган.
"Германия Украинага жылуулук электр станцияларын жана авариялык генераторлорду берип, жардамдашууда. Бирок кубатыр өчкөн учурда дал ушундай жардамга Берлиндин тургундары өздөрү муктаж болду. А биздин туруктуулугубузду ким ойлойт", — деп айтылган макалада.
Автордун белгилешинче, ушундай шартка карабастан, өлкө жетекчилиги Киевге берилчү жардамды кыскартып, ресурстарды өз калкына багыттоону ойлогон да эмес. Мындан улам Украинага көрсөтүлүп жаткан жардам боюнча сын-пикирлер көбөйүүдө.
FT: Мерц Киевге берилчү жардамдын көбү Берлиндин мойнуна түшөт деп кооптонууда