БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Нарында облустук жана райондук прокуратура үчүн салынган жаңы имараттар ачылып, салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Облустук прокурорлор үчүн имарат салууга республикалык бюджеттен 85,5 миллион сом бөлүнгөн.
"Президентибиз кыялыбыздагы жаңы Кыргызстанды курабыз деп жатат. Мындай учурда биз бардыгыбыз, айрыкча, мамлекеттен айлык алган мугалимден тартып прокурорлорго чейин өзгөрүшүбүз керек", — деген өкмөт башчы.
Ал дубанда 9,4 миллиард сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган.