БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эртең, 1-февралда, өлкө боюнча мырзалардын ден соолугун чыңдоого багытталган "Жооптуу бол!" бир айлыгы башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кампаниянын алкагында мырзалар үй-бүлөлүк медицина жана жалпы дарыгерлик практика борборлоруна, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору менен фельдшердик-акушердик пунктуларга кайрылышы керек. Бул — ооруну алдын алууга жасалган кадам.
Өткөн жылдагы кампанияда бир миллионго чукул мырза скринингден өтүп, төмөнкүлөр белгилүү болгон:
119 600 кишинин (12 пайызы) кан басымы жогору экени аныкталган;
49 600 мырзанын (5 пайызы) жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелдиги жогорку болгон;
61 000 эркек (6 пайызы) кант диабетине чалдыгуу кооптуулугунда турган.