Табакташ болбойт. Министр "Кыргыз фармациянын" жаңы жетекчи тууралуу айтты. Видео

Болот Жунусов билими боюнча дипломат, экономист. Дипломатиялык кызматтарда жана Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов "Кыргыз фармация" ишканасынын башчылыгына эмнеге кесиби боюнча медик эмес адам келгенин түшүндүрдү.
Болот Жунусов билими боюнча дипломат, экономист. Дипломатиялык кызматтарда жана Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген.
Министр Каныбек Досмамбетов "Кыргыз фармацияда" коррупциялык схемалар болгонун, анын мурдагы жетекчилери айрым фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын көздөгөнүн айтты.
"Мына ушулардан улам кризис келип чыкты. Мамлекеттен жыл сайын канча миллиарддар бөлүнүп атат, ошонун 20 пайызына эле "поставка" кылынды десек туура болот", — деди ал.
Ошондой эле кызматка эмнеге фармацевт келген жок деген суроолорго жооп берди.
"Болот Төлөгөнович ишти жакшы алып барган жетекчи катары белгилүү. Ал көп реформалоого катышкан, өкмөттүн аппаратын бир топко чейин жетектеп, социалдык бөлүмдүн ишин түздөн-түз алып барды. Бул кызматка дайындалганынын негизги себеби — фармкомпаниялар менен байланышы жок жана алардын алдында милдеткер эмес", — деди министр.
Досмамбетов жаңы жетекчи фармацевтикалык компаниялар менен ымала түзүп, табакташ болуп кетпей, дары-дармекти ачык-айкын сатып алган система түзөт деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады.
Текшерүүнүн жыйынтыгы... Медициналык мекемелердин жетекчилери иштен кетти